Вход на сайт

Просмотр новости

Найдите то, что Вас интересует

Кыргызстандык 10 катышуучу "Евразия" эл аралык сыйлыгынын финалына чыкты

Дата публикации: 14-10-2026 11:48:00

Кыргызстандык 10 катышуучу "Евразия" эл аралык сыйлыгынын финалына чыкты.

Основное содержимое страницы с новостью.

https://sputnik.kg/20261014/-evraziya-el-aralyk-syylygy-final-kyrgyzstan-1104289260.html

Кыргызстандык 10 катышуучу "Евразия" эл аралык сыйлыгынын финалына чыкты

Кыргызстандык 10 катышуучу "Евразия" эл аралык сыйлыгынын финалына чыкты

Sputnik Кыргызстан

БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. Кыргызстандык 10 катышуучу "Евразия" эл аралык сыйлыгынын финалына чыкты. 14.10.2026, Sputnik Кыргызстан

2026-10-14T17:48+0600

2026-10-14T17:48+0600

2026-10-14T17:48+0600

россия

евразия

сыйлык

сынак

катышуучу

https://sputnik.kg/img/07e9/07/0e/1095299893_0:0:1921:1080_1920x0_80_0_0_944655f019433025c5a4084df62be6ec.png

БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. Кыргызстандык 10 катышуучу "Евразия" эл аралык сыйлыгынын финалына чыкты. Алар өлкөнүн намысын алты номинация боюнча коргошот. Долбоорлорду коргоо 14-октябрда Москвада өтүп, 15-октябрда лауреаттардын ысымдары жарыяланат. 2026-жылы сыйлыкка 73 өлкөдөн 5 512 билдирме келип түшкөн. Долбоорлорду эксперттик баалоого 15 мамлекеттен 165 адис тартылып, эл аралык калыстар тобунун курамына 50 адам кирген. Кыргызстан "Евразия лидери", "Евразия үнү", "Маданий код", "Муундар эс тутуму", "Жүрөк чакырыгы менен" жана "Жаркын старт" номинацияларында көрсөтүлдү. Финалга билим берүү жана насаатчылык, маданий мурасты жана тарыхый эс тутумду сактоо, медиа, ыктыярчылык жана жаштар долбоорлору чөйрөсүндөгү демилгелер өттү. "Евразия лидери" номинациясында Кыргызстандын үч өкүлү финалга чыкты: Дагы үч финалист жаштардын "Жаркын старт" номинациясында катышат: "Маданий код" номинациясында финалга Даниил Сулайманов (Sputnik Кыргызстан агенттигинин дизайнер-инфографиги) "Мөөнөтү бүтпөгөн салттар" долбоору менен чыкса, "Муундар эс тутуму" номинациясында Марат Кутанов "Муундарды бириктирген эс тутум" демилгесин коргойт. "Караван-Инфо Кыргызстан" маалымат агенттигинен Көкүл Арипова "Евразия үнү" номинациясынын финалисти болду. Ал эми "Жүрөк чакырыгы менен" номинациясында өлкө намысын Элина Янкова "Камкордук багыты" долбоору менен коргойт. Лауреаттар негизги тогуз номинация боюнча аныкталат. Сыйлыктын жалпы байге фонду 17 миллион рублди түзөт. Ошондой эле башкы өнөктөш — Россотрудничестводон атайын "Россиянын досу" номинациясы каралган. Салтанаттуу сыйлоо аземи 15-октябрда Москва шаарындагы "Россия" улуттук борборунда өтүп, ага ар кайсы өлкөлөрдөн 1 000ден ашуун катышуучу, эксперттер, өнөктөштөр жана сыйлыктын амбассадорлору чогулат. "Евразия" эл аралык сыйлыгы экинчи ирет уюштурулууда. Ал эл аралык кызматташтык, билим берүү, маданият, тарыхый эс тутум, орус тили, социалдык жардам жана ыктыярчылык багыттарында долбоорлорду ишке ашырып жаткан адамдарга жана уюмдарга колдоо көрсөтөт.

https://sputnik.kg/20261005/respublikalyk-synak-mykty-mugalim-bash-baige-batir-1104095439.html

евразия

Sputnik Кыргызстан

media@sputniknews.com

+74956456601

MIA „Rossiya Segodnya“

252

60

2026

Sputnik Кыргызстан

media@sputniknews.com

+74956456601

MIA „Rossiya Segodnya“

252

60

Жаңылыктар

kg_KG

Sputnik Кыргызстан

media@sputniknews.com

+74956456601

MIA „Rossiya Segodnya“

252

60

1920

1080

true

1920

1440

true

https://sputnik.kg/img/07e9/07/0e/1095299893_109:0:1549:1080_1920x0_80_0_0_8712cab6a2d8d27cd3c61be133a95e43.png

1920

1920

true

Sputnik Кыргызстан

media@sputniknews.com

+74956456601

MIA „Rossiya Segodnya“

252

60

Sputnik Кыргызстан

россия, евразия, сыйлык, сынак, катышуучу

россия, евразия, сыйлык, сынак, катышуучу

Жазылуу

БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. Кыргызстандык 10 катышуучу "Евразия" эл аралык сыйлыгынын финалына чыкты.

Алар өлкөнүн намысын алты номинация боюнча коргошот. Долбоорлорду коргоо 14-октябрда Москвада өтүп, 15-октябрда лауреаттардын ысымдары жарыяланат.

2026-жылы сыйлыкка 73 өлкөдөн 5 512 билдирме келип түшкөн. Долбоорлорду эксперттик баалоого 15 мамлекеттен 165 адис тартылып, эл аралык калыстар тобунун курамына 50 адам кирген.

Кыргызстан "Евразия лидери", "Евразия үнү", "Маданий код", "Муундар эс тутуму", "Жүрөк чакырыгы менен" жана "Жаркын старт" номинацияларында көрсөтүлдү. Финалга билим берүү жана насаатчылык, маданий мурасты жана тарыхый эс тутумду сактоо, медиа, ыктыярчылык жана жаштар долбоорлору чөйрөсүндөгү демилгелер өттү.

"Евразия лидери" номинациясында Кыргызстандын үч өкүлү финалга чыкты:

Аскар Шайкидинов — "Кыялымдагы Кыргызстан" долбоору менен;

Жамиля Досматова — "Евразиялык насаатчылыктын архитектурасы: Евразия педагогикалык кеңешинин ченемдик-этикалык платформасын иштеп чыгуу жана жайылтуу" долбоору менен;

Тимур Кутанов — "Жеңиштен лидерликке: Кыргызстандын жаш лидеринин жолу" демилгеси менен.

Дагы үч финалист жаштардын "Жаркын старт" номинациясында катышат:

Алия Султанмуратова — STEM Kyz Kyrgyzstan долбоору менен;

Арназ Уланов — BilimX долбоору менен;

Бекхан Абдырахманов — Vela SOS долбоору менен.

"Маданий код" номинациясында финалга Даниил Сулайманов (Sputnik Кыргызстан агенттигинин дизайнер-инфографиги) "Мөөнөтү бүтпөгөн салттар" долбоору менен чыкса, "Муундар эс тутуму" номинациясында Марат Кутанов "Муундарды бириктирген эс тутум" демилгесин коргойт.

"Караван-Инфо Кыргызстан" маалымат агенттигинен Көкүл Арипова "Евразия үнү" номинациясынын финалисти болду. Ал эми "Жүрөк чакырыгы менен" номинациясында өлкө намысын Элина Янкова "Камкордук багыты" долбоору менен коргойт.

Лауреаттар негизги тогуз номинация боюнча аныкталат. Сыйлыктын жалпы байге фонду 17 миллион рублди түзөт. Ошондой эле башкы өнөктөш — Россотрудничестводон атайын "Россиянын досу" номинациясы каралган.

Салтанаттуу сыйлоо аземи 15-октябрда Москва шаарындагы "Россия" улуттук борборунда өтүп, ага ар кайсы өлкөлөрдөн 1 000ден ашуун катышуучу, эксперттер, өнөктөштөр жана сыйлыктын амбассадорлору чогулат.

"Евразия" эл аралык сыйлыгы экинчи ирет уюштурулууда. Ал эл аралык кызматташтык, билим берүү, маданият, тарыхый эс тутум, орус тили, социалдык жардам жана ыктыярчылык багыттарында долбоорлорду ишке ашырып жаткан адамдарга жана уюмдарга колдоо көрсөтөт.

Награждение лучших учителей года в КР - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.10.2026

5 Тогуздун айы, 12:51

Схожие новости

#Наименование новостиТональностьИнформативностьДата публикации
1Кыргызстандыктар "Евразия" сыйлыгында үч наамды жеңип алышты07.3515-10-2026
2Аршинова: кыргызстандыктар "Евразия" сыйлыгынын активдүү катышуучуларынан болду04.7915-10-2026
3Манижа прошла в финал конкурса "Евровидение" в Роттердаме0018-05-2021
4Финал "Детского Евровидения" пройдет в формате телемоста0028-11-2020
5Вторая десятка финалистов определится на конкурсе "Евровидение"0019-05-2021
6Манижа выступит под номером 5 в финале "Евровидения"0020-05-2021
7Финал конкурса для молодых исполнителей современной музыки открылся в Архангельске0029-10-2020
8Международный конкурс вокалистов имени Муслима Магомаева откроется в Москве0022-04-2021
9Финалистка отбора на Евровидение от Армении выступит на Ural Music Night0528-05-2026

Классификация: Спорт. Схожих патентов: 0. Схожих новостей: 9. Тональность: 0. Информативность: 8.06. Источник: sputnik.kg.