Кыргызстандыктар "Евразия" эл аралык сыйлыгынын үч номинациясында жеңүүчү болуп, дагы экөө экинчи орунду ээледи.
https://sputnik.kg/20261016/kyrgyzstandyktar-evraziya-siylygynda-ch-3-naamdy-zhenip-alyshty-1104320584.html
Кыргызстандыктар "Евразия" сыйлыгында үч наамды жеңип алышты
Кыргызстандыктар "Евразия" сыйлыгында үч наамды жеңип алышты
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. Кыргызстандыктар "Евразия" эл аралык сыйлыгынын үч номинациясында жеңүүчү болуп, дагы экөө экинчи орунду ээледи. 16.10.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-10-16T01:08+0600
2026-10-16T01:08+0600
2026-10-16T09:28+0600
кыргызстан
россия
евразия
алена аршинова
жеңүүчү
байге
номинация
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/10/1104320316_0:66:2929:1714_1920x0_80_0_0_33b7b56c42223e3a018636cc12094808.jpg
БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. Кыргызстандыктар "Евразия" эл аралык сыйлыгынын үч номинациясында жеңүүчү болуп, дагы экөө экинчи орунду ээледи. 16 жаштагы Алия Султамуратова Илимдеги кыздар тууралуу долбоору менен "Евразия" сыйлыгын жеңип алды. Сыйлыкка STEM Kyz Kyrgyzstan коммерциялык эмес билим берүү долбоору менен катышты. Долбоор өлкөнүн каалаган аймагындагы мектеп окуучуларына профессорлор менен PhD-изилдөөчүлөрдүн арасынан насаатчы табууга жана STEM-билим алууга мүмкүнчүлүк берет. Биринчи жылы долбоорго 16 өлкөдөн 13-25 жаштагы 4590дон ашуун кыз-келиндер кошулуп, 38 профессор жана эксперт насаатчы болду. Катышуучулар ISEF финалына чыгып, Кремний өрөөнүнө тандоодон өтүшкөн жана өздөрү иштеп чыккан эмгектерине, ойлоп тапкандарына патент алышкан. Элина Янкова "Жүрөктүн чакырыгы менен" номинациясында жеңди. Долбоор "Камкордук каттамы" деп аталат. Ал — Бишкекте онкологиялык жана гематологиялык оорулар менен жабыркаган балдар үчүн акысыз трансфер кызматы. Химиотерапиядан кийин балдарда иммунитети дээрлик болбойт, андыктан коомдук транспортто жүрүү кооптуу. Ошондуктан балдар бөтөн адамдары жок таза автоунааларда ташылат. Алар эки жылдын ичинде эки миң ирет ноокас балдарды ташып, 300дөн ашык үй-бүлөгө көмөктөшкөн. Таксиге кеткен каражатты үнөмдөгөн ата-энелер каражатын дары-дармекке жумшаган. Ал эми "Караван-Инфо Кыргызстан" маалымат агенттигинен Көкүл Арипова "Евразия үнү" номинациясында жеңип алды. "Евразия" сыйлыгында экинчи орунга Марат Кутанов менен Аскар Шайкидинов татыды. Кутанов — "Муундар элеси" ("Муундарды бириктирген эс тутум" долбоору), Шайкидинов — "Евразия лидери" ("Кыялымдагы Кыргызстан" долбоору) номинациясында жеңген. Андан сырткары, Арназ Уланов эл аралык ачык добуш берүүнүн негизинде "Жарык старт" наамына арзыды. Белгилей кетсек, "Евразия" эл аралык сыйлыгынын финалисттери Кыргызстандын он өкүлү болду. Алар өлкөнүн атынан алты номинация боюнча катышкан.
https://sputnik.kg/20261015/kyrgyzstandyktar-evraziya-siylygyna-aktivduu-katyshty-1104319252.html
евразия
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
252
60
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
252
60
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
252
60
1920
1080
true
1920
1440
true
1920
1920
true
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
252
60
Sputnik Кыргызстан
кыргызстан, россия, евразия, алена аршинова, жеңүүчү, байге, номинация
кыргызстан, россия, евразия, алена аршинова, жеңүүчү, байге, номинация
01:08 16.10.2026 (Жаңыртылды: 09:28 16.10.2026)
Жазылуу
БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. Кыргызстандыктар "Евразия" эл аралык сыйлыгынын үч номинациясында жеңүүчү болуп, дагы экөө экинчи орунду ээледи.
16 жаштагы Алия Султамуратова Илимдеги кыздар тууралуу долбоору менен "Евразия" сыйлыгын жеңип алды. Сыйлыкка STEM Kyz Kyrgyzstan коммерциялык эмес билим берүү долбоору менен катышты. Долбоор өлкөнүн каалаган аймагындагы мектеп окуучуларына профессорлор менен PhD-изилдөөчүлөрдүн арасынан насаатчы табууга жана STEM-билим алууга мүмкүнчүлүк берет.
Биринчи жылы долбоорго 16 өлкөдөн 13-25 жаштагы 4590дон ашуун кыз-келиндер кошулуп, 38 профессор жана эксперт насаатчы болду.
Катышуучулар ISEF финалына чыгып, Кремний өрөөнүнө тандоодон өтүшкөн жана өздөрү иштеп чыккан эмгектерине, ойлоп тапкандарына патент алышкан.
Элина Янкова "Жүрөктүн чакырыгы менен" номинациясында жеңди. Долбоор "Камкордук каттамы" деп аталат. Ал — Бишкекте онкологиялык жана гематологиялык оорулар менен жабыркаган балдар үчүн акысыз трансфер кызматы. Химиотерапиядан кийин балдарда иммунитети дээрлик болбойт, андыктан коомдук транспортто жүрүү кооптуу. Ошондуктан балдар бөтөн адамдары жок таза автоунааларда ташылат.
Алар эки жылдын ичинде эки миң ирет ноокас балдарды ташып, 300дөн ашык үй-бүлөгө көмөктөшкөн. Таксиге кеткен каражатты үнөмдөгөн ата-энелер каражатын дары-дармекке жумшаган.
Ал эми "Караван-Инфо Кыргызстан" маалымат агенттигинен Көкүл Арипова "Евразия үнү" номинациясында жеңип алды.
"Евразия" сыйлыгында экинчи орунга Марат Кутанов менен Аскар Шайкидинов татыды.
Кутанов — "Муундар элеси" ("Муундарды бириктирген эс тутум" долбоору), Шайкидинов — "Евразия лидери" ("Кыялымдагы Кыргызстан" долбоору) номинациясында жеңген.
Андан сырткары, Арназ Уланов эл аралык ачык добуш берүүнүн негизинде "Жарык старт" наамына арзыды.
Белгилей кетсек, "Евразия" эл аралык сыйлыгынын финалисттери Кыргызстандын он өкүлү болду. Алар өлкөнүн атынан алты номинация боюнча катышкан.
| # | Наименование новости | Тональность | Информативность | Дата публикации |
|---|---|---|---|---|
| 1 | Кыргызстанцы победили в трех номинациях премии "Евразия" | 0 | 3.99 | 15-10-2026 |
| 2 | Кыргызстандык 10 катышуучу "Евразия" эл аралык сыйлыгынын финалына чыкты | 0 | 8.06 | 14-10-2026 |
| 3 | Десять представителей Кыргызстана вышли в финал международной премии "Евразия" | 0 | 4.19 | 14-10-2026 |
| 4 | Аршинова: кыргызстандыктар "Евразия" сыйлыгынын активдүү катышуучуларынан болду | 0 | 4.79 | 15-10-2026 |
| 5 | Швыдкой на премии "Евразия" | 0 | 10 | 15-10-2026 |
| 6 | На церемонии вручения премии «Евразия» собрались участники более чем из 73 стран | 0 | 9.66 | 15-10-2026 |
| 7 | Кыргызстан 2027-жылы ЕАЭБ органдарына төрагалык кылат | 0 | 4.13 | 16-10-2026 |
| 8 | Церемония награждения победителей премии "Евразия" – прямая трансляция | 0 | 6.1 | 15-10-2026 |
| 9 | Европа предложила КР принимать мигрантов из Афганистана и Африки — Кулубаев | 0 | 5.73 | 14-10-2026 |
| 10 | Эксперт Орлов: премию Толстого присудили лидерам, которые снизили число горячих точек | 0 | 0 | 06-12-2025 |