Вход на сайт

Просмотр новости

Найдите то, что Вас интересует

Жапаров жаңы үй ээлерине: чатырда пиво ичип, селфи кылганды токтоткула

Дата публикации: 14-10-2026 11:19:07

Президент Садыр Жапаров жаңы көп кабаттуу үйлөрдөн батир алган тургундарды тазалыкты жана тартипти сактоого чакырып, өзгөчө көңүл бурууну талап кылган бир нече маселеге токтолду.

Основное содержимое страницы с новостью.

https://sputnik.kg/20261014/japarov-tazalyk-tartip-lift-unitaz-kop-kabattuu-uylor-1104288604.html

Жапаров жаңы үй ээлерине: чатырда пиво ичип, селфи кылганды токтоткула

Жапаров жаңы үй ээлерине: чатырда пиво ичип, селфи кылганды токтоткула

Sputnik Кыргызстан

БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров жаңы көп кабаттуу үйлөрдөн батир алган тургундарды тазалыкты жана тартипти сактоого чакырып, өзгөчө көңүл... 14.10.2026, Sputnik Кыргызстан

2026-10-14T17:19+0600

2026-10-14T17:19+0600

2026-10-14T17:19+0600

кыргызстан

мамлекеттик ипотекалык компания

садыр жапаров

таштанды

тазалык

лифт

https://sputnik.kg/img/07ea/0a/0e/1104285525_0:48:1280:768_1920x0_80_0_0_55936602c609ac1bb02cb469f36a706e.jpg

БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров жаңы көп кабаттуу үйлөрдөн батир алган тургундарды тазалыкты жана тартипти сактоого чакырып, өзгөчө көңүл бурууну талап кылган бир нече маселеге токтолду. Өлкө башчы биринчи кезекте таштанды таштоо адатын токтотуу керектигин айтты. Ал ошондой эле көп кабаттуу үйлөрдөгү канализация жана санитардык түйүндөрдү туура колдонууну өтүндү. "Эң негизгиси — канализацияны, унитазды туура колдонуу маселеси. Жаңы көчүп келгендердин көбү жер үйдөн келгендиктен, көп кабаттуу үйдүн унитазына кагаздарды, жаш балдардын памперстерине колдонулган чүпүрөктөрдү таштап, түтүктөрдү толтуруп салган учурлар болууда. Аны тазалаган сантехниктер келип "күнү-түнү иштеп кыйналып жатабыз, айлыгыбызды көтөрүп бергиле, болбосо иштебейбиз" деп нааразычылыгын айтышууда", — деди мамлекет башчысы. Мындан тышкары, Жапаров лифтини да аяр пайдаланууну жана балдарды көзөмөлгө алууну талап кылды. "Эң башкысы, лифтилерде балдар ойнобосун! Ар бир ата-эне өз балдарын тартипке чакырсын. Биринчи кабаттан 24-кабатка, кайра ылдый тынбай, күнү-түнү ойноп жаткан учурлар көп болууда. Лифт деле түбөлүктүү эмес, ал дагы эскирет, бир күнү бузулат. Аны кайра оңдоого өз чөнтөгүңүздөрдөн эле каражат кетет. Домкомдор менен Мамлекеттик ипотекалык компания түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатканы менен жыйынтык чыкпай жатат. Ошондуктан сиздерден ушул эрежелерди так сактоону өтүнөм", — деди Жапаров. Эске салсак, бүгүн президент Мамлекеттик ипотекалык компания куруп жаткан "Мурас" турак жай комплексинен 1 104 үй-бүлөгө батирлердин ачкычын тапшырды.

https://sputnik.kg/20260928/kyrgyzstan-ipoteka-mayyptyk-batir-beruu-1103957183.html

Sputnik Кыргызстан

media@sputniknews.com

+74956456601

MIA „Rossiya Segodnya“

252

60

2026

Sputnik Кыргызстан

media@sputniknews.com

+74956456601

MIA „Rossiya Segodnya“

252

60

Жаңылыктар

kg_KG

Sputnik Кыргызстан

media@sputniknews.com

+74956456601

MIA „Rossiya Segodnya“

252

60

1920

1080

true

1920

1440

true

https://sputnik.kg/img/07ea/0a/0e/1104285525_0:0:1280:960_1920x0_80_0_0_4f5d6caf8a3f806e4f944b75e93fb22c.jpg

1920

1920

true

Sputnik Кыргызстан

media@sputniknews.com

+74956456601

MIA „Rossiya Segodnya“

252

60

Sputnik Кыргызстан

кыргызстан, мамлекеттик ипотекалык компания, садыр жапаров, таштанды, тазалык, лифт

кыргызстан, мамлекеттик ипотекалык компания, садыр жапаров, таштанды, тазалык, лифт

Жапаров жаңы үй ээлерине: чатырда пиво ичип, селфи кылганды токтоткула

Жазылуу

БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров жаңы көп кабаттуу үйлөрдөн батир алган тургундарды тазалыкты жана тартипти сактоого чакырып, өзгөчө көңүл бурууну талап кылган бир нече маселеге токтолду.

Өлкө башчы биринчи кезекте таштанды таштоо адатын токтотуу керектигин айтты.

"24 кабаттуу үйлөрдүн чатырына чыгып селфи кылганды токтотсоңуздар. Үйдүн үстүнө чогулуп алып пиво ичип, тамеки тартып, таштанды таштап кеткен туура эмес. Кийин жамгыр жааганда ал таштанды суу кетчү түтүктөргө тыгылып калат. Мындай окуя жазында Караколдо болду. Түтүккө бөтөлкө, чүпүрөк, салфеткалар толуп, үстүңкү кабаттан суу агып кеткенде, айрымдар дароо эле "МИКтин салган үйлөрүнүн төбөсүнөн суу акты" деп чыга калышты. Мындай көрүнүштөрдөн алыс болсоңуздар", — деди Жапаров.

Ал ошондой эле көп кабаттуу үйлөрдөгү канализация жана санитардык түйүндөрдү туура колдонууну өтүндү.

"Эң негизгиси — канализацияны, унитазды туура колдонуу маселеси. Жаңы көчүп келгендердин көбү жер үйдөн келгендиктен, көп кабаттуу үйдүн унитазына кагаздарды, жаш балдардын памперстерине колдонулган чүпүрөктөрдү таштап, түтүктөрдү толтуруп салган учурлар болууда. Аны тазалаган сантехниктер келип "күнү-түнү иштеп кыйналып жатабыз, айлыгыбызды көтөрүп бергиле, болбосо иштебейбиз" деп нааразычылыгын айтышууда", — деди мамлекет башчысы.

Мындан тышкары, Жапаров лифтини да аяр пайдаланууну жана балдарды көзөмөлгө алууну талап кылды.

"Эң башкысы, лифтилерде балдар ойнобосун! Ар бир ата-эне өз балдарын тартипке чакырсын. Биринчи кабаттан 24-кабатка, кайра ылдый тынбай, күнү-түнү ойноп жаткан учурлар көп болууда. Лифт деле түбөлүктүү эмес, ал дагы эскирет, бир күнү бузулат. Аны кайра оңдоого өз чөнтөгүңүздөрдөн эле каражат кетет. Домкомдор менен Мамлекеттик ипотекалык компания түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатканы менен жыйынтык чыкпай жатат. Ошондуктан сиздерден ушул эрежелерди так сактоону өтүнөм", — деди Жапаров.

Эске салсак, бүгүн президент Мамлекеттик ипотекалык компания куруп жаткан "Мурас" турак жай комплексинен 1 104 үй-бүлөгө батирлердин ачкычын тапшырды.

МИКтин үйлөрү - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.09.2026

28 Аяк оона, 19:20

Схожие новости

#Наименование новостиТональностьИнформативностьДата публикации
1Садыр Жапаров жумуш сапары менен Азербайжанга барды05.2914-10-2026
2"Президентти эл шайлайт”. Жапаровдун жаңы маегине реакция 011.7714-08-2026
3Жапаров: Кыргызстан Палестина менен алаканы чыңдоого кызыкдар06.3115-10-2026
4Новый президент Киргизии Садыр Жапаров официально вступил в должность0028-01-2021
5Садыр Жапаров Арменияга барды. Видео07.0915-10-2026
6Ташиевдин тагдыры, Кумтөрдү башкаруу, камалган активисттер. Жапаровдун жаңы маеги09.1114-08-2026
7Жапаров Ысык-Көлдү коргоо үчүн БУУнун фондун түзүүгө кайрадан чакырды016.1616-10-2026
8Экология, соода. Жапаров Ереванда Пашинян менен көп маселени талкуулады08.0417-10-2026
9Жапаров проверил готовность силовиков к саммиту ШОС011.5530-08-2026

Классификация: Информация. Схожих патентов: 0. Схожих новостей: 9. Тональность: 0. Информативность: 8.86. Источник: sputnik.kg.