Элдик педагогика — ата-бабадан калган тарбиянын булагы, улуттук нарк-насилдин жана руханий баалуулуктардын муундан-муунга өтүшүн камсыздаган мурас. Бүгүнкү күндө бул баалуулуктарды сактоо жана жаш муундардын тарбиясында колдонуу канчалык маанилүү?
https://sputnik.kg/20261018/ehldik-tarbiya-ehtnopedagogika-1104334005.html
Мугалими, мектеби, китеби жок. Илгеркилер балдарын кантип тарбиялаган?
Мугалими, мектеби, китеби жок. Илгеркилер балдарын кантип тарбиялаган?
Sputnik Кыргызстан
Элдик педагогика — ата-бабадан калган тарбиянын булагы, улуттук нарк-насилдин жана руханий баалуулуктардын муундан-муунга өтүшүн камсыздаган мурас. Бүгүнкү... 18.10.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-10-18T14:06+0600
2026-10-18T14:06+0600
2026-10-18T14:06+0600
кыргызстан
педагогика
тарбия
бала
мектеп
коом
ата-эне
https://sputnik.kg/img/07e4/09/12/1049657140_0:161:3067:1886_1920x0_80_0_0_15c6e1928e5d83dfcb96ed820a000666.jpg
Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин педагогика кафедрасынын профессору, педагогика илимдеринин доктору, Кыргыз Республикасынын эл мугалими Акматали Алимбеков агайды кепке тартып, элдик тарбиянын тарыхы, кыргыз элинин салт-санаасы жана мектептин тарбиялык милдети тууралуу маектештик. — Акматали агай, сиз этнопедагогика илимин көп жылдан бери изилдеп келесиз. Элдик педагогика менен этнопедагогика түшүнүктөрүн көп учурда синоним катары колдонушат. Канчалык деңгээлде туура? — Ооба, мугалимдер жана басма сөз кызматкерлери бул эки түшүнүктү синоним катары колдонуп жүрүшөт. Бирок экөө бири-биринен айырмаланат. Элдик педагогика — элдин жашоо-турмушунда калыптанган балдарды тарбиялоо жөнүндөгү акыл-ойлордун, пикирлердин жана көз караштардын жыйындысы. Ал эми этнопедагогика — элдик педагогиканы изилдеген илим. Мисалы, "Манас" эпосунда атасы Жакып Манасты эмгекке үйрөтүү максатында койчуга малай берүүнү ойлонгону баяндалат. Ал баланын эркелеп отура бербей эмгек аркылуу бышып-жетилишин каалайт. Бул — байыркы кыргыздардын баланы жаштайынан эмгекке үйрөтүү, эмгек аркылуу инсанды калыптандыруу жөнүндөгү түшүнүгүн чагылдырган элдик педагогиканын мисалы. — Тарбия иши кечээ мектеп пайда болгондо башталган эмес да. Элдик педагогиканын башаты доорлорго барып такалат десек туура болобу? — Китеп, мектеп жана мугалим түшүнүктөрү калыптана элек мезгилдерде деле тарбия иши үзгүлтүксүз жүрүп келген. Аталар өздөрүнүн билгенин, өнөрүн уулдарына үйрөтсө, энелер турмуштук тажрыйбасын кыздарына өткөрүп беришкен. Эл жашоо-турмушунда топтогон тажрыйбасын, адамдык асыл сапаттарды жана тарбиялык баалуулуктарды жомокторго, дастандарга айландырып, эс тутумунда сактап, муундан-муунга жеткирген. Натыйжада турмуштук тажрыйбалар менен акыл-ойлор топтолуп, элдик педагогика калыптанган. Демек, анын башаты эң байыркы доорлорго барып такалат. — Элдик педагогиканын калыптанышына кандай факторлор таасир эткен? — Академик Волковдун пикирин мисал келтирсек, билим берүү жана таалим-тарбия тарыхын миң беттен турган китеп катары караганда мектеп, мугалим жана китеп түшүнүктөрү анын акыркы он бетинде гана кездешмек. Анткени адамзат узак кылымдар бою мектепсиз, мугалимсиз жана китепсиз эле турмуштук тажрыйбанын негизинде тарбияланып келген. Ар бир элдин тарбиялык системасы анын жашаган географиялык аймагына, айлана-чөйрөсүнө, турмуш-тиричилигине жараша өнүккөн. Кыргыз элинин да өзүнө таандык тарбиялык тажрыйбасы калыптанып, адеп-ахлактык нормалары жана руханий баалуулуктары муундан-муунга өтүп келген. Бул баалуулуктар улуттук өзгөчөлүктү сактоого, кийинки жаш муундарды адамгерчиликке, адептүүлүккө, улууларды урматтоого, кичүүлөрдү ызааттоого жана коомдо татыктуу жашоого тарбиялоодо маанилүү орунду ээлейт. Ар бир элдин баалуулуктары анын тарыхый тажрыйбасына негизделгендиктен буларды бири-биринен жогору же төмөн коюуга болбойт. — Элдик оозеки чыгармачылык менен элдик педагогиканын байланышы бар да. Жомокторду тарбиянын булагы катары карасак болобу? — Албетте, Чыңгыз Айтматов да алгачкы жомоктордун жана мифтердин жаралышы жөнүндө терең ой жүгүрткөн. Адам баласына бир нерсени үйрөтүү, аны жакшы сапаттарга жана эмгекке тарбиялоо муктаждыгы жомоктордун жаралышына түрткү болгон. Ошондуктан алгачкы жомокторду алгачкы педагогикалык чыгарма катары кароого болот. Ата-бабаларыбыз жомокторду "бабалардан калган сөз", "аталардын жомогу" деп атап, өткөн турмуштун тажрыйбасын келечек муунга өткөрүп келишкен. Жомоктор балдарды турмушка даярдап, жакшы менен жаманды айырмалоого үйрөткөн. Ал эми "Манас" сыяктуу эпостор бүтүндөй улутту тарбиялоочу мектептин милдетин аткарган. Эпос кыргыз элинин аң-сезиминин калыптанышына, руханий баалуулуктарынын өнүгүшүнө чоң таасир тийгизген. Башка чыгармаларга деле токтоло турган болсок, ата-энеге, Ата Мекенге жана айлана-чөйрөгө туура мамиле кылуу, адам менен табияттын ортосундагы тең салмактуулукту сактоо сыяктуу маанилүү сабактар камтылган. Мисалы, "Кожожаш" дастанында табиятты кор туткан адам өзү кор болору көрсөтүлөт. Кожожаш напсисин тыя албай, Сур эчкини атам деп аскада калат. Бул чыгарма адамды табиятка аяр мамиле кылууга жана өз каалоосун чектей билүүгө үндөйт. Демек, жомоктор менен эпостордун негизги максаттарынын бири — адамга турмуштук сабак берүү. — Кыргыз элинде балдарды тарбиялоодо үй-бүлөнүн, коомдун жана улуттук салт-санаанын орду чоң болгон эмеспи. Илгертен колдонулган кайсы тарбиялык ыкмалар бүгүнкү күндө сакталып, кайсылары унутта калып жатат? — Кыргыз элинде балдарды тарбиялоодо батага жана улууларды урматтоого өзгөчө маани берилген. Улуулар ооз тиймейинче, кичүүлөр тамакка кол салган эмес. Бул адептүүлүктүн жана сый-урматтын белгиси болгон. Кыргызда баланы жалгыз ата-эне эмес, бүтүндөй айыл тарбиялаган. "Бир баланы тарбиялаш үчүн бир айылдын таасири керек" деген түшүнүк бекеринен айтылган эмес. Ата-энелер балдарын өздөрү менен кошо аш-тойлорго ээрчитип барып, акылмандардын сөзүн угузуп, өнөрпоздордун өнөрүн көрсөтүп, улуттук оюндар менен салттарга аралаштырышкан. Балдар көргөнүнөн таасир алып, турмушка керектүү тажрыйбаларды өздөштүрүшкөн. Жакшы жоругу болсо атасына алкыш, жаман жоругу болсо атасына наалат айтышкан. Бүгүнкү күндө баланын тарбиясын толугу менен мектепке жүктөп койгон көрүнүш бар. Бул туура эмес. Бала мектепте убактысынын бир бөлүгүн гана өткөрөт, калган убактысынын көбү үй-бүлөдө жана коомдо өтөт. Ошондуктан тарбия ишине ата-эне, мектеп жана коом биргелешип жооптуу болушу керек. — Илгери кыргыздарда "тарбия" деген сөз кеңири колдонулбаганын айтып жүрөсүз. Анын ордуна кандай түшүнүк болгон? — Илгери кыргыздарда азыркы маанисиндеги "тарбия" деген сөз кеңири колдонулган эмес деген пикир бар. Анын ордуна "көргөн-өскөнү" деген түшүнүк колдонулуп, баланын жүрүм-туруму анын кандай чөйрөдө өсүп, эмнелерди көрүп чоңойгону менен байланыштырылган. Жазуучу Түгөлбай Сыдыкбеков да бала кезинде "тарбия" деген сөздү укпаганын эскерип, бирөө жаман жорук кылса, "мунун көргөн-өскөнү жаман турбайбы" деп коюшарын айткан. Бул мисал кыргыз элинде тарбия өзүнчө түшүнүк катары аталып айтылбаса да, үй-бүлөдө, коомдо, салт-санаада жана улуулардын үлгүсүндө тынымсыз жүрүп келгенин көрсөтөт. — Улуттук адеп-наркты, салт-санааны жана руханий баалуулуктарды муундан-муунга өткөрүүдө мектептин ролу кандай болушу керек? — Адебибизди, салтыбызды, наркыбызды жоготсок, өзүбүзгө мүнөздүү улуттук өзгөчөлүктөрдү сактай албай калабыз. Ошондуктан элдик педагогиканы элдин адеп-наркын сактоочу, муундан-муунга өткөрүүчү жана улуттун руханий күчүн бекемдөөчү баалуулук катары кеңири кароо зарыл. Кыргыз мектеби улуттук маданиятты жана адеп-наркты кийинки муундарга өткөрүүчү маанилүү институт болушу керек. Жалгыз билим менен адам толук калыптана албайт. Билим — адам болуунун каражаты, ал эми инсандык сапаттар көп кырдуу баалуулуктарды өздөштүрүү, сактоо жана кийинки муунга өткөрүү аркылуу калыптанат. Мектептерде жылына бир нече жолу иш-чара өткөрүү менен эле тарбия маселесин чечүү мүмкүн эмес. Тарбия — үзгүлтүксүз процесс. Ал мектептин стратегиялык максаты болуп, милдеттери так аныкталып, иштин жүрүшү көзөмөлдөнүп, натыйжасы өлчөнүп жана бааланып турушу керек.
https://sputnik.kg/20220625/uluttu-saktap-kaluunun-zholu-ehldik-pedagogikada-1065568811.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
252
60
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
252
60
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
252
60
1920
1080
true
1920
1440
true
1920
1920
true
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
252
60
Sputnik Кыргызстан
кыргызстан, педагогика, тарбия, бала, мектеп, коом, ата-эне
кыргызстан, педагогика, тарбия, бала, мектеп, коом, ата-эне
Жазылуу
Элдик педагогика — ата-бабадан калган тарбиянын булагы, улуттук нарк-насилдин жана руханий баалуулуктардын муундан-муунга өтүшүн камсыздаган мурас. Бүгүнкү күндө бул баалуулуктарды сактоо жана жаш муундардын тарбиясында колдонуу канчалык маанилүү?
Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин педагогика кафедрасынын профессору, педагогика илимдеринин доктору, Кыргыз Республикасынын эл мугалими Акматали Алимбеков агайды кепке тартып, элдик тарбиянын тарыхы, кыргыз элинин салт-санаасы жана мектептин тарбиялык милдети тууралуу маектештик.
— Акматали агай, сиз этнопедагогика илимин көп жылдан бери изилдеп келесиз. Элдик педагогика менен этнопедагогика түшүнүктөрүн көп учурда синоним катары колдонушат. Канчалык деңгээлде туура?
— Ооба, мугалимдер жана басма сөз кызматкерлери бул эки түшүнүктү синоним катары колдонуп жүрүшөт. Бирок экөө бири-биринен айырмаланат. Элдик педагогика — элдин жашоо-турмушунда калыптанган балдарды тарбиялоо жөнүндөгү акыл-ойлордун, пикирлердин жана көз караштардын жыйындысы. Ал эми этнопедагогика — элдик педагогиканы изилдеген илим.
Мисалы, "Манас" эпосунда атасы Жакып Манасты эмгекке үйрөтүү максатында койчуга малай берүүнү ойлонгону баяндалат. Ал баланын эркелеп отура бербей эмгек аркылуу бышып-жетилишин каалайт. Бул — байыркы кыргыздардын баланы жаштайынан эмгекке үйрөтүү, эмгек аркылуу инсанды калыптандыруу жөнүндөгү түшүнүгүн чагылдырган элдик педагогиканын мисалы.
— Тарбия иши кечээ мектеп пайда болгондо башталган эмес да. Элдик педагогиканын башаты доорлорго барып такалат десек туура болобу?
— Китеп, мектеп жана мугалим түшүнүктөрү калыптана элек мезгилдерде деле тарбия иши үзгүлтүксүз жүрүп келген. Аталар өздөрүнүн билгенин, өнөрүн уулдарына үйрөтсө, энелер турмуштук тажрыйбасын кыздарына өткөрүп беришкен. Эл жашоо-турмушунда топтогон тажрыйбасын, адамдык асыл сапаттарды жана тарбиялык баалуулуктарды жомокторго, дастандарга айландырып, эс тутумунда сактап, муундан-муунга жеткирген. Натыйжада турмуштук тажрыйбалар менен акыл-ойлор топтолуп, элдик педагогика калыптанган. Демек, анын башаты эң байыркы доорлорго барып такалат.
— Элдик педагогиканын калыптанышына кандай факторлор таасир эткен?
— Академик Волковдун пикирин мисал келтирсек, билим берүү жана таалим-тарбия тарыхын миң беттен турган китеп катары караганда мектеп, мугалим жана китеп түшүнүктөрү анын акыркы он бетинде гана кездешмек. Анткени адамзат узак кылымдар бою мектепсиз, мугалимсиз жана китепсиз эле турмуштук тажрыйбанын негизинде тарбияланып келген. Ар бир элдин тарбиялык системасы анын жашаган географиялык аймагына, айлана-чөйрөсүнө, турмуш-тиричилигине жараша өнүккөн. Кыргыз элинин да өзүнө таандык тарбиялык тажрыйбасы калыптанып, адеп-ахлактык нормалары жана руханий баалуулуктары муундан-муунга өтүп келген. Бул баалуулуктар улуттук өзгөчөлүктү сактоого, кийинки жаш муундарды адамгерчиликке, адептүүлүккө, улууларды урматтоого, кичүүлөрдү ызааттоого жана коомдо татыктуу жашоого тарбиялоодо маанилүү орунду ээлейт. Ар бир элдин баалуулуктары анын тарыхый тажрыйбасына негизделгендиктен буларды бири-биринен жогору же төмөн коюуга болбойт.
— Элдик оозеки чыгармачылык менен элдик педагогиканын байланышы бар да. Жомокторду тарбиянын булагы катары карасак болобу?
— Албетте, Чыңгыз Айтматов да алгачкы жомоктордун жана мифтердин жаралышы жөнүндө терең ой жүгүрткөн. Адам баласына бир нерсени үйрөтүү, аны жакшы сапаттарга жана эмгекке тарбиялоо муктаждыгы жомоктордун жаралышына түрткү болгон. Ошондуктан алгачкы жомокторду алгачкы педагогикалык чыгарма катары кароого болот. Ата-бабаларыбыз жомокторду "бабалардан калган сөз", "аталардын жомогу" деп атап, өткөн турмуштун тажрыйбасын келечек муунга өткөрүп келишкен. Жомоктор балдарды турмушка даярдап, жакшы менен жаманды айырмалоого үйрөткөн. Ал эми "Манас" сыяктуу эпостор бүтүндөй улутту тарбиялоочу мектептин милдетин аткарган. Эпос кыргыз элинин аң-сезиминин калыптанышына, руханий баалуулуктарынын өнүгүшүнө чоң таасир тийгизген. Башка чыгармаларга деле токтоло турган болсок, ата-энеге, Ата Мекенге жана айлана-чөйрөгө туура мамиле кылуу, адам менен табияттын ортосундагы тең салмактуулукту сактоо сыяктуу маанилүү сабактар камтылган. Мисалы, "Кожожаш" дастанында табиятты кор туткан адам өзү кор болору көрсөтүлөт. Кожожаш напсисин тыя албай, Сур эчкини атам деп аскада калат. Бул чыгарма адамды табиятка аяр мамиле кылууга жана өз каалоосун чектей билүүгө үндөйт. Демек, жомоктор менен эпостордун негизги максаттарынын бири — адамга турмуштук сабак берүү.
— Кыргыз элинде балдарды тарбиялоодо үй-бүлөнүн, коомдун жана улуттук салт-санаанын орду чоң болгон эмеспи. Илгертен колдонулган кайсы тарбиялык ыкмалар бүгүнкү күндө сакталып, кайсылары унутта калып жатат?
— Кыргыз элинде балдарды тарбиялоодо батага жана улууларды урматтоого өзгөчө маани берилген. Улуулар ооз тиймейинче, кичүүлөр тамакка кол салган эмес. Бул адептүүлүктүн жана сый-урматтын белгиси болгон. Кыргызда баланы жалгыз ата-эне эмес, бүтүндөй айыл тарбиялаган. "Бир баланы тарбиялаш үчүн бир айылдын таасири керек" деген түшүнүк бекеринен айтылган эмес. Ата-энелер балдарын өздөрү менен кошо аш-тойлорго ээрчитип барып, акылмандардын сөзүн угузуп, өнөрпоздордун өнөрүн көрсөтүп, улуттук оюндар менен салттарга аралаштырышкан. Балдар көргөнүнөн таасир алып, турмушка керектүү тажрыйбаларды өздөштүрүшкөн. Жакшы жоругу болсо атасына алкыш, жаман жоругу болсо атасына наалат айтышкан. Бүгүнкү күндө баланын тарбиясын толугу менен мектепке жүктөп койгон көрүнүш бар. Бул туура эмес. Бала мектепте убактысынын бир бөлүгүн гана өткөрөт, калган убактысынын көбү үй-бүлөдө жана коомдо өтөт. Ошондуктан тарбия ишине ата-эне, мектеп жана коом биргелешип жооптуу болушу керек.
— Илгери кыргыздарда "тарбия" деген сөз кеңири колдонулбаганын айтып жүрөсүз. Анын ордуна кандай түшүнүк болгон?
— Илгери кыргыздарда азыркы маанисиндеги "тарбия" деген сөз кеңири колдонулган эмес деген пикир бар. Анын ордуна "көргөн-өскөнү" деген түшүнүк колдонулуп, баланын жүрүм-туруму анын кандай чөйрөдө өсүп, эмнелерди көрүп чоңойгону менен байланыштырылган. Жазуучу Түгөлбай Сыдыкбеков да бала кезинде "тарбия" деген сөздү укпаганын эскерип, бирөө жаман жорук кылса, "мунун көргөн-өскөнү жаман турбайбы" деп коюшарын айткан. Бул мисал кыргыз элинде тарбия өзүнчө түшүнүк катары аталып айтылбаса да, үй-бүлөдө, коомдо, салт-санаада жана улуулардын үлгүсүндө тынымсыз жүрүп келгенин көрсөтөт.
— Улуттук адеп-наркты, салт-санааны жана руханий баалуулуктарды муундан-муунга өткөрүүдө мектептин ролу кандай болушу керек?
— Адебибизди, салтыбызды, наркыбызды жоготсок, өзүбүзгө мүнөздүү улуттук өзгөчөлүктөрдү сактай албай калабыз. Ошондуктан элдик педагогиканы элдин адеп-наркын сактоочу, муундан-муунга өткөрүүчү жана улуттун руханий күчүн бекемдөөчү баалуулук катары кеңири кароо зарыл. Кыргыз мектеби улуттук маданиятты жана адеп-наркты кийинки муундарга өткөрүүчү маанилүү институт болушу керек. Жалгыз билим менен адам толук калыптана албайт. Билим — адам болуунун каражаты, ал эми инсандык сапаттар көп кырдуу баалуулуктарды өздөштүрүү, сактоо жана кийинки муунга өткөрүү аркылуу калыптанат. Мектептерде жылына бир нече жолу иш-чара өткөрүү менен эле тарбия маселесин чечүү мүмкүн эмес. Тарбия — үзгүлтүксүз процесс. Ал мектептин стратегиялык максаты болуп, милдеттери так аныкталып, иштин жүрүшү көзөмөлдөнүп, натыйжасы өлчөнүп жана бааланып турушу керек.
| # | Наименование новости | Тональность | Информативность | Дата публикации |
|---|---|---|---|---|
| 1 | Jak zostać nauczonym, a nie wyedukowanym | 0 | 10 | 19-09-2026 |
| 2 | Комментарий к записи Родителям Волгоградской области: вы вправе отказаться от сборов на нужды школы и класса (Д...) | 0 | 5.62 | 28-08-2026 |
| 3 | Russia has turned its schools into indoctrination machines | 0 | 17.69 | 10-09-2026 |
| 4 | I will go further. | 0 | 8.26 | 02-11-2021 |
| 5 | Наука приходит в школу: учителя Кыргызстана изучили новейшие материалы о тюркских народах Большого Алтая | 0 | 9.92 | 14-09-2026 |
| 6 | 🤒 Для чего вам нада мудрость?👉(((((Кто японю геноцид делали мала ... | 0 | 5.52 | 01-08-2026 |
| 7 | Добрый вечер, есть ли у нас в городе школьники которые ... | 0 | 6.56 | 20-08-2026 |
| 8 | Ата-эне баласына болгону 20 мүнөт бөлүп, үч эле суроо берет. Укук коргоочунун маеги | 0 | 19.73 | 17-10-2026 |
| 9 | Гонения, тюрьма, ссылка: как Зайнулла Расулев стал духовным лидером российских мусульман | 0 | 15.28 | 21-07-2026 |
| 10 | Недостаток образования | 0 | 5.99 | 26-09-2023 |