Вход на сайт

Просмотр новости

Найдите то, что Вас интересует

Кыргызстанда алдамчылыкка каршы атайын борбор түзүү сунушталды

Дата публикации: 10-08-2026 11:00:47

Кыргызстанда алдамчылыкты алдын алуу боюнча бирдиктүү система түзүү сунушталууда. Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев демилгелеген мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.

Основное содержимое страницы с новостью.

https://sputnik.kg/20260810/aldamchylykka-karshy-borbor-tuzuu-sunushtaldy-1102906065.html

Кыргызстанда алдамчылыкка каршы атайын борбор түзүү сунушталды

Кыргызстанда алдамчылыкка каршы атайын борбор түзүү сунушталды

Sputnik Кыргызстан

БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Кыргызстанда алдамчылыкты алдын алуу боюнча бирдиктүү система түзүү сунушталууда. Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев... 10.08.2026, Sputnik Кыргызстан

2026-08-10T17:00+0600

2026-08-10T17:00+0600

2026-08-10T17:00+0600

кыргызстан

мыйзам долбоору

алдамчылык

дастан бекешев

парламент

коомдук талкуу

https://sputnik.kg/img/07e9/0b/0b/1097777600_0:0:1280:720_1920x0_80_0_0_042f9cf15e82d2139371fa81f7475a58.jpg

БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Кыргызстанда алдамчылыкты алдын алуу боюнча бирдиктүү система түзүү сунушталууда. Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев демилгелеген мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Ага ылайык, Ички иштер министрлигинин алдында алдамчылыкты алдын алуу боюнча атайын борбор түзүү каралган. Ал жакта жарандардын алдамчылык тууралуу билдирүүлөрү кабыл алынып, шектүү телефон номерлер, сайттар, шилтемелер, аккаунттар, жарнамалар жана төлөм реквизиттери талданат. Ошондой эле алдамчылык тобокелдиктери жөнүндө атайын реестр түзүлөт. Борбордун маалыматтары банктарга, төлөм уюмдарына, байланыш операторлоруна жана санариптик платформаларга жөнөтүлүшү мүмкүн. Алар өз ыйгарым укуктарынын чегинде шектүү аракеттерди текшерип, тиешелүү чараларды көрүшөт. Реестрге киргизилген маалымат адамды автоматтык түрдө күнөөлүү деп таанууга негиз болбойт. Борбор өз алдынча банктык эсептерди бөгөттөй албайт, мүлккө камак сала албайт же санариптик ресурстарды жаба албайт. Ошондой эле маалыматтары реестрге киргизилген жарандар маалыматты оңдоону же реестрден чыгарууну талап кылууга жана борбордун чечимдерине даттанууга укуктуу болот. Мыйзам долбоорунун негизги максаты — алдамчылык фактысы болгондон кийин гана чара көрбөстөн, шектүү схемаларды эрте аныктап, жарандарга алдын ала эскертүү берүү. Анда калктын финансылык, санариптик жана укуктук сабаттуулугун жогорулатуу боюнча профилактикалык иштерди жүргүзүү да каралган. Мындан тышкары, Улуттук банкка банктарга, банктык эмес финансы-кредиттик уюмдарга жана төлөм уюмдарына алдамчылык операцияларын алдын алуу, аныктоо жана бөгөт коюу боюнча милдеттүү талаптарды белгилөө укугун берүү сунушталууда.

https://sputnik.kg/20260613/zheke-kartalarga-akcha-chogultuuga-tyyuu-saluu-sunushtaldy-1101858163.html

Sputnik Кыргызстан

media@sputniknews.com

+74956456601

MIA „Rossiya Segodnya“

2026

Sputnik Кыргызстан

media@sputniknews.com

+74956456601

MIA „Rossiya Segodnya“

Жаңылыктар

kg_KG

Sputnik Кыргызстан

media@sputniknews.com

+74956456601

MIA „Rossiya Segodnya“

https://sputnik.kg/img/07e9/0b/0b/1097777600_160:0:1120:720_1920x0_80_0_0_ba2a86672536172b34af5055a499c07f.jpg

Sputnik Кыргызстан

media@sputniknews.com

+74956456601

MIA „Rossiya Segodnya“

кыргызстан, мыйзам долбоору, алдамчылык, дастан бекешев, парламент, коомдук талкуу

кыргызстан, мыйзам долбоору, алдамчылык, дастан бекешев, парламент, коомдук талкуу

Кыргызстанда алдамчылыкка каршы атайын борбор түзүү сунушталды

БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Кыргызстанда алдамчылыкты алдын алуу боюнча бирдиктүү система түзүү сунушталууда. Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев демилгелеген мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.

Ага ылайык, Ички иштер министрлигинин алдында алдамчылыкты алдын алуу боюнча атайын борбор түзүү каралган. Ал жакта жарандардын алдамчылык тууралуу билдирүүлөрү кабыл алынып, шектүү телефон номерлер, сайттар, шилтемелер, аккаунттар, жарнамалар жана төлөм реквизиттери талданат. Ошондой эле алдамчылык тобокелдиктери жөнүндө атайын реестр түзүлөт.

Борбордун маалыматтары банктарга, төлөм уюмдарына, байланыш операторлоруна жана санариптик платформаларга жөнөтүлүшү мүмкүн. Алар өз ыйгарым укуктарынын чегинде шектүү аракеттерди текшерип, тиешелүү чараларды көрүшөт.

Реестрге киргизилген маалымат адамды автоматтык түрдө күнөөлүү деп таанууга негиз болбойт. Борбор өз алдынча банктык эсептерди бөгөттөй албайт, мүлккө камак сала албайт же санариптик ресурстарды жаба албайт. Ошондой эле маалыматтары реестрге киргизилген жарандар маалыматты оңдоону же реестрден чыгарууну талап кылууга жана борбордун чечимдерине даттанууга укуктуу болот.

Мыйзам долбоорунун негизги максаты — алдамчылык фактысы болгондон кийин гана чара көрбөстөн, шектүү схемаларды эрте аныктап, жарандарга алдын ала эскертүү берүү. Анда калктын финансылык, санариптик жана укуктук сабаттуулугун жогорулатуу боюнча профилактикалык иштерди жүргүзүү да каралган.

Мындан тышкары, Улуттук банкка банктарга, банктык эмес финансы-кредиттик уюмдарга жана төлөм уюмдарына алдамчылык операцияларын алдын алуу, аныктоо жана бөгөт коюу боюнча милдеттүү талаптарды белгилөө укугун берүү сунушталууда.

Банк карталары. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.06.2026

Схожие новости

#Наименование новостиТональностьИнформативностьДата публикации
1Рулу оңдон солго которулган унааларды мыйзамдаштырууга уруксат берилиши мүмкүн06.6411-08-2026
2Өлкөдө чет элдиктерге карын эне кызматын колдонууга тыюу салынышы ыктымал07.8410-08-2026
3Бийлик пиротехника сатууга чектөө киргизди09.2211-08-2026
4Кыргызстанга бажы төлөмүсүз киргизилген электромобилдерди чет жакка сатууга болбойт07.1212-08-2026
5Электромобилдерди бажы төлөмү жок ташып кирүү квотасы 25 миңге көбөйтүлдү012.6612-08-2026
6Кыргызстанда 7 миң метрден бийик чокуларга чыгууга акы алына баштайт012.2411-08-2026
7Кыргызстанда электромобиль чогултуучу завод ачуу пландалууда06.2712-08-2026
8Пожизненно сажать за убийство женщин предлагают в Кыргызстане0504-07-2026
9Кабмин Киргизии намерен бороться с "разграбившими страну" коррупционерами0010-10-2020

Классификация: . Схожих патентов: 0. Схожих новостей: 9. Тональность: 0. Информативность: 8.57. Источник: sputnik.kg.