Вход на сайт

Просмотр новости

Найдите то, что Вас интересует

ЖМК: Трампты Анкарадан аскердик учак менен жашыруун алып кетишкен болушу мүмкүн

Дата публикации: 11-08-2026 04:12:23

АКШнын атайын кызматтары Иран тараптан кол салуу коркунучу бар деген маалыматтан улам өлкө президенти Дональд Трампты Анкарада тамак-аш ташыган жүк ташуучу унаага салып, президенттик лайнерден аскердик учакка жашыруун отургузган болушу мүмкүн. Бул тууралуу америкалык аткаминерге шилтеме берип Washington Post жазды.

Основное содержимое страницы с новостью.

https://sputnik.kg/20260811/tramp-ankara-zhashyruun-alyp-ketishken-1102913458.html

ЖМК: Трампты Анкарадан аскердик учак менен жашыруун алып кетишкен болушу мүмкүн

ЖМК: Трампты Анкарадан аскердик учак менен жашыруун алып кетишкен болушу мүмкүн

Sputnik Кыргызстан

БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. АКШнын атайын кызматтары Иран тараптан кол салуу коркунучу бар деген маалыматтан улам өлкө президенти Дональд Трампты Анкарада... 11.08.2026, Sputnik Кыргызстан

2026-08-11T10:12+0600

2026-08-11T10:12+0600

2026-08-11T10:12+0600

дүйнөдө

акш

дональд трамп

аскер

учак

жашыруун

операция

https://sputnik.kg/img/07e9/07/0f/1095319911_0:253:3059:1975_1920x0_80_0_0_a97ff2252ac3dcd7a515660d8bbb522f.jpg

БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. АКШнын атайын кызматтары Иран тараптан кол салуу коркунучу бар деген маалыматтан улам өлкө президенти Дональд Трампты Анкарада тамак-аш ташыган жүк ташуучу унаага салып, президенттик лайнерден аскердик учакка жашыруун отургузган болушу мүмкүн. Бул тууралуу америкалык аткаминерге шилтеме берип Washington Post жазды. Мурдараак New York Times гезити да булактарына таянып, 25-июлда америкалык лидер НАТО саммитинен кайтып келе жатканда Катар белекке берген Boeing 747-8 учагынан мурдагы эски Air Force One бортуна өтүүгө мажбур болгонун билдирген. Буга иранчыл топтор тарабынан кол салуу даярдалып жатканы тууралуу атайын кызматтардын маалыматы себеп болгон. Трамп өзү да Иран үчүн номер биринчи бутага айланганын жана кол салуунун курмандыгы болуп калышы мүмкүн экенин кабарлаган. Гезиттин маалыматы боюнча, операция ушунчалык купуя жүргүзүлгөндүктөн аны бирге барган журналисттер да, Ак үйдүн айрым кызматкерлери да билбей калышкан. Алар президент биринчи бортто баратат деп ишенип келишкен. Атүгүл учуу учурунда басма сөз өкүлдөрүнөн иллюминаторлордун капкактарын түшүрүп алууну суранышкан. Washington Post кошумчалагандай, бул маалда Трамп өзү аскер министри Пит Хегсет менен бирге транспондерлери өчүрүлгөн C-32A чакан учагында учкан. Улуу Британиядагы Милденхолл авиабазасына конгондон кийин Трамп кайрадан сырдуу түрдө негизги лайнерге өтүп, журналисттерге сырткы трап менен чыккан. Бул анын жол бою ушул эле учакта келгендей таасир калтырган. Вашингтонго болгон акыркы учуу учурунда президент пресса менен сүйлөшүп жатып, Тегеран тараптан өмүрүнө дайыма коркунуч бар экенин кыйыткан, бирок мындай сырдуу операция болгонун ачыктаган эмес. Башында Ак үй жана Трамп өзү Анкарадан кадимки режимде эле эски биринчи бортто (Boeing 747) учуп чыкканын, анын максаты Улуу Британиядагы аскер кызматкерлерине Катар берген жаңы учакты көрүүгө мүмкүнчүлүк түзүү болгонун билдиришкен. Расмий түрдө Улуу Британияга, андан ары Вашингтонго карай бүткүл каттам эч кандай өзгөртүүсүз жана бортту алмаштыруусуз штаттык режимде өттү деп айтылган. Кийинчерээк New York Times гезити Трамптын жаңы Air Force One учагы мурдагысына караганда мүмкүнчүлүктөрү азыраак деген версияны ортого салган. Маалыматка караганда, эски учак жакындап калган зениттик ракетаны адаштырган атайын система менен жабдылган болушу мүмкүн. Ал эми жаңы бортто мындай системанын бар-жогу белгисиз.

https://sputnik.kg/20260807/aksh-biylik-tort-turizm-zhoyuu-1102862835.html

акш

Sputnik Кыргызстан

media@sputniknews.com

+74956456601

MIA „Rossiya Segodnya“

2026

Sputnik Кыргызстан

media@sputniknews.com

+74956456601

MIA „Rossiya Segodnya“

Жаңылыктар

kg_KG

Sputnik Кыргызстан

media@sputniknews.com

+74956456601

MIA „Rossiya Segodnya“

https://sputnik.kg/img/07e9/07/0f/1095319911_187:0:2918:2048_1920x0_80_0_0_b3b3d3fcb635ced8a9f19b93febb6b31.jpg

Sputnik Кыргызстан

media@sputniknews.com

+74956456601

MIA „Rossiya Segodnya“

дүйнөдө, акш, дональд трамп, аскер, учак, жашыруун, операция

дүйнөдө, акш, дональд трамп, аскер, учак, жашыруун, операция

ЖМК: Трампты Анкарадан аскердик учак менен жашыруун алып кетишкен болушу мүмкүн

БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. АКШнын атайын кызматтары Иран тараптан кол салуу коркунучу бар деген маалыматтан улам өлкө президенти Дональд Трампты Анкарада тамак-аш ташыган жүк ташуучу унаага салып, президенттик лайнерден аскердик учакка жашыруун отургузган болушу мүмкүн. Бул тууралуу америкалык аткаминерге шилтеме берип Washington Post жазды.

Мурдараак New York Times гезити да булактарына таянып, 25-июлда америкалык лидер НАТО саммитинен кайтып келе жатканда Катар белекке берген Boeing 747-8 учагынан мурдагы эски Air Force One бортуна өтүүгө мажбур болгонун билдирген. Буга иранчыл топтор тарабынан кол салуу даярдалып жатканы тууралуу атайын кызматтардын маалыматы себеп болгон. Трамп өзү да Иран үчүн номер биринчи бутага айланганын жана кол салуунун курмандыгы болуп калышы мүмкүн экенин кабарлаган.

"Анкарада Трамп телекамералардын алдында эски эки кабаттуу Air Force One бортуна көтөрүлгөн. Бирок бир нече мүнөттөн кийин аны аэропорттогу тамак-аш ташуучу транспорттун жардамы менен АКШ Аскер-аба күчтөрүнүн чакан C-32A учагына жашыруун өткөрүп кетишкен", — деп жазат басылма.

Гезиттин маалыматы боюнча, операция ушунчалык купуя жүргүзүлгөндүктөн аны бирге барган журналисттер да, Ак үйдүн айрым кызматкерлери да билбей калышкан. Алар президент биринчи бортто баратат деп ишенип келишкен. Атүгүл учуу учурунда басма сөз өкүлдөрүнөн иллюминаторлордун капкактарын түшүрүп алууну суранышкан.

Washington Post кошумчалагандай, бул маалда Трамп өзү аскер министри Пит Хегсет менен бирге транспондерлери өчүрүлгөн C-32A чакан учагында учкан. Улуу Британиядагы Милденхолл авиабазасына конгондон кийин Трамп кайрадан сырдуу түрдө негизги лайнерге өтүп, журналисттерге сырткы трап менен чыккан. Бул анын жол бою ушул эле учакта келгендей таасир калтырган.

Вашингтонго болгон акыркы учуу учурунда президент пресса менен сүйлөшүп жатып, Тегеран тараптан өмүрүнө дайыма коркунуч бар экенин кыйыткан, бирок мындай сырдуу операция болгонун ачыктаган эмес.

Башында Ак үй жана Трамп өзү Анкарадан кадимки режимде эле эски биринчи бортто (Boeing 747) учуп чыкканын, анын максаты Улуу Британиядагы аскер кызматкерлерине Катар берген жаңы учакты көрүүгө мүмкүнчүлүк түзүү болгонун билдиришкен. Расмий түрдө Улуу Британияга, андан ары Вашингтонго карай бүткүл каттам эч кандай өзгөртүүсүз жана бортту алмаштыруусуз штаттык режимде өттү деп айтылган.

Кийинчерээк New York Times гезити Трамптын жаңы Air Force One учагы мурдагысына караганда мүмкүнчүлүктөрү азыраак деген версияны ортого салган. Маалыматка караганда, эски учак жакындап калган зениттик ракетаны адаштырган атайын система менен жабдылган болушу мүмкүн. Ал эми жаңы бортто мындай системанын бар-жогу белгисиз.

Боюнда бар аял - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.08.2026

Схожие новости

#Наименование новостиТональностьИнформативностьДата публикации
1Трампа тайно вывезли из Анкары из-за угрозы покушения со стороны Ирана, пишут СМИ010.4111-08-2026
2Угроза жизни Трампа могла быть надуманной, пишут СМИ0511-07-2026
3Contradicting public statements, Trump took secret flight from Turkey amid Iranian threat05.7811-08-2026
4В США заявили о надуманности угрозы жизни Трампа со стороны Ирана0512-07-2026
5Air Force One ruse calls into question Trump's safety abroad07.1611-08-2026
6WSJ: угроза жизни Трампа со стороны Ирана могла быть надуманной0512-07-2026
7Власти Турции отказались комментировать секретную эвакуацию Трампа в грузовике07.9211-08-2026
8Air Force One ruse calls into question Trump's safety abroad07.1611-08-2026
9Air Force One ruse calls into question Trump's safety abroad07.1611-08-2026

Классификация: Международные. Схожих патентов: 0. Схожих новостей: 9. Тональность: 0. Информативность: 9.9. Источник: sputnik.kg.