Вход на сайт

Просмотр новости

Найдите то, что Вас интересует

Тепловизору бар дрон Корумду чокусунда жоголгон альпинисттерди издеп жатат

Дата публикации: 11-08-2026 05:56:41

Алай районундагы Корумду чокусунда дайынсыз жоголгон альпинисттерди издөө иштери тепловизор менен жабдылган дрондун жардамы менен уланууда. Бул тууралуу издөө-куткаруу тобунун мүчөсү Александр Смирнов кабарлады.

Основное содержимое страницы с новостью.

https://sputnik.kg/20260811/alpinistter-dron-menen-izdeluudo-1102916020.html

Тепловизору бар дрон Корумду чокусунда жоголгон альпинисттерди издеп жатат

Тепловизору бар дрон Корумду чокусунда жоголгон альпинисттерди издеп жатат

Sputnik Кыргызстан

БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Алай районундагы Корумду чокусунда дайынсыз жоголгон альпинисттерди издөө иштери тепловизор менен жабдылган дрондун жардамы менен... 11.08.2026, Sputnik Кыргызстан

2026-08-11T11:56+0600

2026-08-11T11:56+0600

2026-08-11T12:08+0600

кыргызстан

корумду

чоку

издөө

дрон

альпинист

https://sputnik.kg/img/07e7/07/1c/1077389220_0:78:1280:798_1920x0_80_0_0_64537b0a0d1e186ee9fd02623faf6077.jpg

БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Алай районундагы Корумду чокусунда дайынсыз жоголгон альпинисттерди издөө иштери тепловизор менен жабдылган дрондун жардамы менен уланууда. Бул тууралуу издөө-куткаруу тобунун мүчөсү Александр Смирнов кабарлады. Куткаруучулар тоо кыркасынын капталдарын беш миң метр бийиктикке чейин текшеришкен, бирок азырынча альпинисттердин изи табыла элек. Смирновдун айтымында, кар калың жаагандыктан издөө иштери убактылуу токтотулуп, куткаруучулар базалык лагерге кайтышкан. Альпинисттер болушу мүмкүн деген аймак базалык лагерден 5–6 чакырым алыста жайгашкан жана ал жер толук текшериле элек. Аба ырайынын начардыгынан учурда издөө иштерине тик учак тартуу мүмкүн эмес. Маалыматка ылайык, издөө иштерине 49 миң евро чогулган. Каражат транспортко, күйүүчү майга, генератор жана аккумуляторлорго, ошондой эле адамдарды чек ара аймагына жеткирүүгө жумшалууда. Ал эми Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Эдуард Кубатовдун айтымында, альпинисттер тажрыйбалуу жана жакшы даярдыктан өткөн адамдар. Учурда ӨКМ жана коомдук-куткаруу тобу альпинисттер жоголушу мүмкүн болгон 5600–6000 метр бийиктиктеги аймактарды издеп, көзөмөлдөп жатышат. Кубатов издөө иштеринин жыйынтыгы аба ырайына байланыштуу экенин, альпинисттерди аман-эсен табууга мүмкүнчүлүк бар экенин белгиледи.

https://sputnik.kg/20260810/alpinistterdin-aty-zhonu-belgiluu-boldu-1102892759.html

корумду

Sputnik Кыргызстан

media@sputniknews.com

+74956456601

MIA „Rossiya Segodnya“

2026

Sputnik Кыргызстан

media@sputniknews.com

+74956456601

MIA „Rossiya Segodnya“

Жаңылыктар

kg_KG

Sputnik Кыргызстан

media@sputniknews.com

+74956456601

MIA „Rossiya Segodnya“

https://sputnik.kg/img/07e7/07/1c/1077389220_0:0:1280:960_1920x0_80_0_0_de63f439541908dba627c8464777e14b.jpg

Sputnik Кыргызстан

media@sputniknews.com

+74956456601

MIA „Rossiya Segodnya“

кыргызстан, корумду, чоку, издөө, дрон, альпинист

кыргызстан, корумду, чоку, издөө, дрон, альпинист

Тепловизору бар дрон Корумду чокусунда жоголгон альпинисттерди издеп жатат

11:56 11.08.2026 (Жаңыртылды: 12:08 11.08.2026)

БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Алай районундагы Корумду чокусунда дайынсыз жоголгон альпинисттерди издөө иштери тепловизор менен жабдылган дрондун жардамы менен уланууда. Бул тууралуу издөө-куткаруу тобунун мүчөсү Александр Смирнов кабарлады.

Куткаруучулар тоо кыркасынын капталдарын беш миң метр бийиктикке чейин текшеришкен, бирок азырынча альпинисттердин изи табыла элек.

Смирновдун айтымында, кар калың жаагандыктан издөө иштери убактылуу токтотулуп, куткаруучулар базалык лагерге кайтышкан. Альпинисттер болушу мүмкүн деген аймак базалык лагерден 5–6 чакырым алыста жайгашкан жана ал жер толук текшериле элек.

Аба ырайынын начардыгынан учурда издөө иштерине тик учак тартуу мүмкүн эмес.

Маалыматка ылайык, издөө иштерине 49 миң евро чогулган. Каражат транспортко, күйүүчү майга, генератор жана аккумуляторлорго, ошондой эле адамдарды чек ара аймагына жеткирүүгө жумшалууда.

Ал эми Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Эдуард Кубатовдун айтымында, альпинисттер тажрыйбалуу жана жакшы даярдыктан өткөн адамдар. Учурда ӨКМ жана коомдук-куткаруу тобу альпинисттер жоголушу мүмкүн болгон 5600–6000 метр бийиктиктеги аймактарды издеп, көзөмөлдөп жатышат.

Кубатов издөө иштеринин жыйынтыгы аба ырайына байланыштуу экенин, альпинисттерди аман-эсен табууга мүмкүнчүлүк бар экенин белгиледи.

Альпинист. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.08.2026

Схожие новости

#Наименование новостиТональностьИнформативностьДата публикации
1Алайда дайынсыз болгон альпинисттерди издөө үчүн тик учак колдонулмай болду06.2912-08-2026
2Корумдуда жоголгон альпинисттер кантип изделип жатат? Видео014.7313-08-2026
3Чатыры калып, өздөрү жок. ӨКМ альпинисттерди издөө уланганын айтты 09.4409-08-2026
4ТИМ: Нижнекамскидеги дрон чабуулунан каза болгондор арасында кыргызстандыктар жок06.511-08-2026
5В Алешках при ударе беспилотника погиб мужчина-2327-06-2026
6Кубатов: Жеңиш чокусунда калган Наталья Наговицынанын сөөгү быйыл түшүрүлбөйт05.1711-08-2026
7Кара-Балтада массалык мушташка катышкан 10го жакын жигит милицияга жеткирилди013.2911-08-2026
8Тоңдун акими ар бир айылдын WhatsApp тобуна кирип, элдин көйгөйүн билип турат. Видео09.0109-08-2026
9В ДНР дрон атаковал ехавших на пожар сотрудников МЧС0501-07-2026
10В Карачаево-Черкесии погиб альпинист013.1229-07-2026

Классификация: Происшествия. Схожих патентов: 0. Схожих новостей: 10. Тональность: 0. Информативность: 7.2. Источник: sputnik.kg.