1-сентябрдан тартып күйүүчү-майлоочу май, алкоголь жана тамеки продукциялары менен иштеген компаниялар үчүн электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаз (ЭТТК) колдонулбайт. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирди.
https://sputnik.kg/20260812/ettk-koldonuu-boyuncha-1102952346.html
1-сентябрдан тарта үч товарга ЭТТК колдонуу токтотулат
1-сентябрдан тарта үч товарга ЭТТК колдонуу токтотулат
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 12-авг. — Sputnik. 1-сентябрдан тартып күйүүчү-майлоочу май, алкоголь жана тамеки продукциялары менен иштеген компаниялар үчүн электрондук... 12.08.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-08-12T17:50+0600
2026-08-12T17:50+0600
2026-08-12T17:51+0600
кыргызстан
эттк
электрондук эсеп
салык
күйүүчү май
алкоголь
тамеки
https://sputnik.kg/img/07e7/01/14/1072186023_0:1504:2048:2656_1920x0_80_0_0_7fc9876a17f4ca13da95db6f11007277.jpg
БИШКЕК, 12-авг. — Sputnik. 1-сентябрдан тартып күйүүчү-майлоочу май, алкоголь жана тамеки продукциялары менен иштеген компаниялар үчүн электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаз (ЭТТК) колдонулбайт. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирди. Маалымдалгандай, алардын ордуна 2.0 коду менен Электрондук эсеп фактура (ЭЭФ) киргизилип, аталган товарлар боюнча бардык операцияларды тариздөө үчүн бирдиктүү документ болот. Жаңы модуль толук кандуу ишке киргенге чейин эски форматтагы ЭЭФ колдонулат. Жаңы системага толук өтүүнүн так датасы пилоттук этап аяктагандан кийин белгилүү болот. Ошол эле учурда 1-сентябрдан тарта ЭЭФ 2.0 мунайга жана мунай заттарына, ошондой эле ЕАЭБдин бекитилген тизмесине кирген айрым товарларга карата иштей баштайт. Алардын арасында муздаткыч жана тоңдургуч жабдуулары, кир жуучу машиналар жана телеберүү сигналдарын кабыл алуучу аппаратуралар бар. Салык кызматы ишкерлерди ЭЭФ 2.0 модулун сыноого катышып, аны өркүндөтүү боюнча сунуштарын берүүгө чакырды.
https://sputnik.kg/20260717/tameki-kymbattayt-1102455716.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, эттк, электрондук эсеп, салык, күйүүчү май, алкоголь, тамеки
кыргызстан, эттк, электрондук эсеп, салык, күйүүчү май, алкоголь, тамеки
17:50 12.08.2026 (Жаңыртылды: 17:51 12.08.2026)
БИШКЕК, 12-авг. — Sputnik. 1-сентябрдан тартып күйүүчү-майлоочу май, алкоголь жана тамеки продукциялары менен иштеген компаниялар үчүн электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаз (ЭТТК) колдонулбайт. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, алардын ордуна 2.0 коду менен Электрондук эсеп фактура (ЭЭФ) киргизилип, аталган товарлар боюнча бардык операцияларды тариздөө үчүн бирдиктүү документ болот.
Жаңы модуль толук кандуу ишке киргенге чейин эски форматтагы ЭЭФ колдонулат. Жаңы системага толук өтүүнүн так датасы пилоттук этап аяктагандан кийин белгилүү болот.
Ошол эле учурда 1-сентябрдан тарта ЭЭФ 2.0 мунайга жана мунай заттарына, ошондой эле ЕАЭБдин бекитилген тизмесине кирген айрым товарларга карата иштей баштайт. Алардын арасында муздаткыч жана тоңдургуч жабдуулары, кир жуучу машиналар жана телеберүү сигналдарын кабыл алуучу аппаратуралар бар.
Салык кызматы ишкерлерди ЭЭФ 2.0 модулун сыноого катышып, аны өркүндөтүү боюнча сунуштарын берүүгө чакырды.
| # | Наименование новости | Тональность | Информативность | Дата публикации |
|---|---|---|---|---|
| 1 | Кыргызстанга бажы төлөмүсүз киргизилген электромобилдерди чет жакка сатууга болбойт | 0 | 7.12 | 12-08-2026 |
| 2 | Кытай маркетплейстеринен келген товарлардан 5% бажы төлөмү алына баштайт | 0 | 9.7 | 12-08-2026 |
| 3 | Көчмөндөр оюндарынын айрым иш-чараларына кирүүгө акы төлөнөт | 0 | 16.18 | 12-08-2026 |
| 4 | Электромобилдерди бажы төлөмү жок ташып кирүү квотасы 25 миңге көбөйтүлдү | 0 | 12.66 | 12-08-2026 |
| 5 | ЕАЭС на три года обнулил пошлину на фольгу в полиграфии | 0 | 0 | 31-01-2023 |
| 6 | Прокуратура: “Кыргыз фармация” 138 млн. сомго ашыкча дары жана буюм сатып алган | 0 | 13.43 | 13-08-2026 |
| 7 | Министр ЕЭК предложил создать единую систему для борьбы с контрафактной продукцией | 0 | 0 | 12-11-2019 |
| 8 | Кабмин одобрил законопроект о tax free на товары, вывезенные за пределы ЕАЭС | 0 | 0 | 04-09-2020 |
| 9 | Титов считает, что проверка импортеров приведет к излишнему изъятию средств | 0 | 0 | 24-03-2021 |
| 10 | ЕК оштрафовала AliExpress на 550 млн евро из-за реализации нелегальных товаров | 0 | 28.18 | 20-07-2026 |